Орусия АКШнын Бахрейнде өткөрө турган семинарын сынга алды

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында, АКШнын президенти Дональд Трамптын Израиль-Палестина маселесине чечүүчү жол табыш үчүн жакында маалыматтандыруусу күтүлгөн «Кылымдын келишими» долбоору иш-аракетин сынга алды.

1210570
Орусия АКШнын Бахрейнде өткөрө турган семинарын сынга алды

Орусия, «Кылымдын келишими» долбоору деп аталган план менен Бахрейндин борбор шаары Манамада алдыдагы айда өтүшү көздөлгөн экономика семинары тууралуу терең санааркоодо экендигин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында, АКШнын президенти Дональд Трамптын Израиль-Палестина маселесине чечүүчү жол табыш үчүн жакында маалыматтандыруусу күтүлгөн «Кылымдын келишими» долбоору менен Палестина темасында АКШнын колдоосу менен алдыдагы айда Бахрейнде өткөрүлүшү пландалган семинарды сынга алды.

АКШнын бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп негизги экономикалык булактарды жумшоого аракет кылганына басым жасалган билдирүүдө: «Аты аталган булактардын Палестина жана коңшу өлкөлөрдө жашаган палестиналыктардын турмушун жакшырта турган ири долбоорлор үчүн колдонула турганы айтымы бар",-деген сөзгө орун берилди.

Палестина башкаруучулугунун АКШнын аты аталган иш-аракетте орун алууну так түрдө четке какканына көңүл бурулган билдирүүдө, «АКШнын бул иш-аракетинин аймактагы алдыңкы күн тартипти өзгөртүп, Израиль-Палестина чечимине өзүнүн альтернативалык көз карашын мажбурлоо демилгеси экени ачык көрүнүп турат.  Кеңири саясий чечүүчү жолду, эки калк үчүн эки мамлекет принцибине зыян тийгизип ар түрдүү экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү камсыздаган пакеттер аркылуу өзгөртүүгө карай атайын киришүүлөр терең санааркоо жаратууда",делди.

Ак үйдүн басма сөз борборунан берилген маалыматта, Бахрейн АКШ менен кызматташып 25-26-июнда борбор шаар Манамада «Өнүгүү үчүн тынчтык» деп аталган экономикалык семинарга кожоюндук кыла турганы белгиленген.



Тектеш кабарлар