Вьетнамда чочколор жок кылынууда

Февраль айынан бери 1,7 миллион чочко жок кылынды.

1209300
Вьетнамда чочколор жок кылынууда

Вьетнамда чочко тумоосунун себебинен февраль айынан бери 1 миллион 700 миң чочко жок кылынды.

Bloomberg агенттигинде орун алган кабарга караганда, Айыл чарба министрлигинин билдирүүсүндө Африка чочко тумоосу вирусунун 42 шаардагы фермалардагы чочколордо аныкталгандыгы боюнча акыркы эки жумада 500 миң чочконун жок кылынгандыгы белгиленди.

Айыл чарба министри Нгуен Шуан Куонг, Африка чочко тумоосу эпидемиясынын жаныбарлар үчүн өтө коркунучтуу экенин баса белгилеп, бул оорунун айыл чарба жана мал чарбачылыкка чоң зыян тийгизгендигин айтты.

БУУнун Азык түлүк жана айыл чарба уюмунун (FAO) март айындагы билдирүүсүндө, чочко тумоосу эпидемиясы үчүн Вьетнамдын «улуттук чукул абал» жарыя кылышы керектиги баса белгиленген болчу.



Тектеш кабарлар