Ливиядагы кагылышууларда 562 киши каза болду
Ливияда эл аралык таанылган Улуттук макулдашуу өкмөтүнүн бөлүктөрү менен Хафтерге караштуу күчтөрдүн арасындагы кагылышуулар 2 айга жакын убакыттан бери улантылууда.
Ливиянын борбор шаары Триполинин тегерегинде акыркы айларда кайрадан күч алган кагылышууларда каза болгондордун саны 562ге жетти.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Триполидеги кагылышуулардын акырында 562 киши каза болуп алардын ичинен 40кы жарандар жана 2 миң 855 киши да жараланды.
Ливиянын чыгышындагы аскердик күчтөрдүн лидери генерал Хафтер борбор шаар Триполини колго алуу үчүн 4 - апрелде кол салуу буйругун берип, ушул боюнча Улуттук макулдашуу өкмөтүнүн бөлүктөрү да Буркан ел - Габад операциясын баштаган.
Мыйзамдуулук кризиси 2011 - жылдан бери келе жаткан Ливияда эл аралык таанылган Улуттук макулдашуу өкмөтүнүн бөлүктөрү менен Хафтерге караштуу күчтөрдүн арасындагы кагылышуулар 2 айга жакын убакыттан бери улантылууда.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.