Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зарифтен Трампка жооп

АКШ санкциялар менен Иран калкына зыянын тийгизүү менен аймакта араздашууга жол ачууда.

1209605
Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зарифтен Трампка жооп

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф өлкөсүнүн өзөктүк куралдын артында эмес экендигин, АКШнын болсо санкциялар менен Иран калкына зыянын тийгизүү менен аймакта араздашууга жол ачкандыгын айтты.

Зариф твиттер эсебинен берген маалыматында АКШнын президенти Дональд Трамптын Япония сапарында Иран менен акыркы жумаларда күч алган араздашууга  байланыштуу : «Режимде өзгөрүүлөрдүн болушун калабайбыз, өзөктүк курал каалабайбыз, бир гана муну ачыкка чыгарууну каалайбыз»,- деген сөздөрүнө жооп берди.  

Ирандын тышкы иштер министри берген маалыматында буларды айтты : «Ирандын диний лидери Айетуллах Али Хаманей узун убакыт мурда өзөктүк куралдарга тыюу салган фетва менен өзөктүк куралдын артында эмес экенибизди айтты. Б командасынын экономикалык терроризми Иран калкына зыянын тийгизүүдө жана аймакта араздашууга себеп болууда. Дональд Трамптын ниетинин эмне экендигин сөз менен кыймылдар көрсөтөт».

АКШнын президенти Трамп Япония сапарында премьер  - министри Шинзо Абе менен Иран темасын да карап чыгышкандарын белгилеп : «Ирандан бир топ кишини тааныймын, булар мыкты адамдар. Ирандын ошол эле лидерлик менен мыкты бир өлкө болуу мүмкүнчүлүгү бар. Режимдин өзгөрүшүн, өзөктүк курал каалабайбыз, бир гана муну ачыкка чыгарууну каалайбыз»,- деп билдирген.

Ирандын тышкы иштер министри Зариф мурунку билдирүүлөрүндө  «Б командасы" деп аталган Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешичиси Жон Болтон, Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяху, Сауд Арабиянын мураскер принци Мухаммед бин Селман жана Абу Дабинин мураскер принци Мухаммед бин Зайдиндин Трапмты Иранга каршы согушууга түртүүгө аракет кылгандыгын айткан.



Тектеш кабарлар