Еврестте чокуга чыгуу сезонунда 11 киши каза болду

Кечээ 62 жаштагы америкалык адвокат Кристофер Жон Кулиш Евересттин чокусунан түшүп баратып каза болду.

1209846
Еврестте чокуга чыгуу сезонунда 11 киши каза болду

 Бул жылкы Еверст тоосуна чыгуу сезонунда 11 киши каза болду. Кечээ 62 жаштагы америкалык адвокат Кристофер Жон Кулиш Евересттин чокусунан түшүп баратып каза болду.

Кулиш түшүп бара жатканда күтүүсүздөн ооруп калып каза болду.  Кулиштин өлүмү менен Еверестте бул жылдын тоого чыгуу сезонунда каза болгондордун саны 11ге жетти.

Непал альпинисттик коомунун башкы секретары Кул Бахадур Гурунг Еверестте ашыкча альпинисттин бар экендигин айтты. Жетекчилер кыйын аба шарттары, тажрыйба кемчилиги жана барган сайын өскөн соодалык саякаттардын өлүм тобокелчилигин арттыргандыгын белгиледи.

Еверест чокусунда 1922 -  жылдан бери 200дөн ашуун альпинист каза болду. Каза болгондордун көпчүлүгүнүн сөөктөрүнүн муздун же кардын астында калгандыгы болжолдолууда.



Тектеш кабарлар