Перуда 8 баллдык жер титирөө болду

АКШнын Геологиялык изилдөө борбору, эпицентри Лагунастын 80 чакырым түштүк-чыгышы болгон 8 баллдык жер титиррөөнүн жердин 110 чакырым астынан келгенин жарыялады.

1208488
Перуда 8 баллдык жер титирөө болду

Түштүк Америка өлкөсү Перуда 8 балл күчүндөгү жер титирөө болуп өттү.

АКШнын Геологиялык изилдөө борбору, эпицентри Лагунастын 80 чакырым түштүк-чыгышы болгон 8 баллдык жер титиррөөнүн жердин 110 чакырым астынан келгенин жарыялады.

Алгачкы белгилөөлөргө караганда жан жоготуу болбогон жер титирөөнүн себебеинен айрым шаарлардагы имараттар кулады, айрымдарында жарака пайда болду.

Перунун президенти Мартин Вискарра, социалдык медиа барагынан бөлүшүүсүндө, тийиштүү кызматтардын жер титирөө болгон аймактарда иштерин улантып жатканын белгиледи.

Лагунастын мэри Арри Песо, жер титирөөнүн бул аймакта абдан катуу сезилгенин билдирди.

Юримагуас шаарында көп сандаган эски имараттар кулаганы жана электр жарыгы үзгүлтүккө учураганы белгиленди.

Борбор шаар Лимада жер титирөөнү сезгендер көчөлөргө чыга качкандары белгиленди.

Жер титирөө чөйрөдөгү өлкөлөр Бразилия, Колумбия жана Эквадордо да сезилди.


Этикеткалар: #Перу , #жер титирөө

Тектеш кабарлар