Йемедин президенти БУУнун атайын өкүлүнө каршылык көрсөттү

Йемендин президенти Абдураббу Мансур Хади БУУнун Йемен атайын өкүлү Мартин Гриффитсанын БУУнун чечими тууралуу тескери мамилесине каршылык көрсөттү

1207716
Йемедин президенти БУУнун  атайын өкүлүнө каршылык көрсөттү

 Йемендин президенти Абдураббу Мансур Хади БУУнун Йемен атайын өкүлү Мартин Гриффитсанын БУУнун чечими тууралуу тескери мамилесине каршылык көрсөттү. Хади БУУнун башкы катчысы Антонио Гутеррешке кат жиберип, Гриффитсанын хусилер колго алган жерлерден чыгышын күткөн 2216 номердеги БУУнун чечимине каршы тескери мамиле кылгандыгын билдирди.

Хади катында Гриффитсанын  Худейдедеги эл аралык башкаруу формасынын колдоого алынышы үчүн хусилер менен макулдашкандыгын жана мунун Йемендин эгемендигине карата  эреже бузуу экендигин белгиледи.

БУУнун Йемен атайын өкүлү Гриффитса 15 -  майда берген маалыматында Йеменде хусилердин турмуштук мааниге ээ болгон Худейде портунан чыккандыгын жарыялаган. Гриффитса ишемби күндөн баштап Худейдеде 4 миңден ашуун кишинин коомдук иштерде иштей баштай тургандыгын да айткан. Гриффитсанын бул билдирүүлөрүнө Йемен коомчулугунда каршы чыуулар болуп, парламент өкмөткө БУУнун чечимдерине  баш ийгенге чейин БУУнун өкүлү менен байланышпоого чакырган.



Тектеш кабарлар