АКШ аскердик кемелери Тайвань кысыгынан өттү

АКШга таандык эки аскердик кеме июль жана октябрь айларында жана өткөн айда да Тайвань кысыгынан өткөн.

1206960
АКШ аскердик кемелери Тайвань кысыгынан өттү

Тайвань Американын эки аскердик кемесинин Тайвань  кысыгынан өткөндүгүн билдирди.

Тайвань коргоо министрлиги АКШга таандык эки аскердик кемесинин кечээ Тайвань кысыгынан өткөндүгүн жарыялады. Министрлик АКШ кемелеринин Тайвань кысыгынан өтүү эркиндигинин жок экендигин белгиледи. Кытай болсо кемелердин кысыктан өтүшү тууралуу азырынча маалымат бере элек.

АКШга таандык эки аскердик кеме июль жана октябрь айларында жана өткөн айда да Тайвань кысыгынан өткөн.

Пекин башкаруусу «Бир гана Кытай» принциибин жактыруу менен Кытайдын  эл аралык коомдо жалгыз гана өкүл экендигин жактап жатат жана Тайвань көз карандысыздыгын жарыялай турган болсо аскердик күч менен кийлигише аларын белгилөөдө.

Кытайда 1949 -  жылы Мао Зедонгдун бийликке келиши менен кээ бир өкмөт мүчөлөрү Тайванга качып, аралда көз карандысыздык жарыялаган жана «Улутчул Кытай» деп да аталган Тайванды курушкан. Бирок Кытай Тайвандын көз карандысыздыгын кабыл алган эмес.

АКШ «Бир гана Кытай» саясаты менен 1979 -  жылы Тайвандын ордуна Кытай Эл Республикасын «Кытайдын өкүлү болгон мыйзамдуу саясий бийлик» деп кабыл алса да Тайвань менен карым  - катнаштарын да расмий болбогон жолдор менен улантууда. Аралдын коргонуусуна колдоо берген АКШ жыл сайын миллиард долларлык баада курал сатууда.



Тектеш кабарлар