Зариф:«АКШ абдан коркунучтуу оюн ойноп жатат»

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф,CNN телеканалына берген маалыматында АКШ менен болгон чыңалуу тууралуу сереп салды.

1205734
Зариф:«АКШ абдан коркунучтуу оюн ойноп жатат»

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф, АКШнын Перс булуңунда аскердик күчтөрүн көбөйтүүсүнүн кырсыктарга алып бара турганын билдирип, «АКШ абдан коркунучтуу оюн ойноп жатат»,-деди.

Мухаммед Жевад Зариф, CNN телеканалына берген маалыматында АКШ менен болгон чыңалуу тууралуу сереп салды.

АКШнын Ирандан келген коркунучтарды себеп көрсөтүп, Перс булуңундагы аскердик күчүн көбөйтүшү тууралуу Зариф: «Мынчалык көп көлөмдөгү аскердик күчтүн бул аянтта болушу өзүнөн өзү кырсыктарга себеп болушу мүмкүн»,-деп айтты.

АКШ башкаруучулугунда ушундай түрдөгү «кырсыктардын» болушун каалаган кишилер бар экенине көңүл бурган Зариф: «Кырсык болбошу үчүн эң жогорку кылдаттык керек болот. АКШ абдан коркунучтуу оюн ойноп жатат»,-деди.

АКШнын президенти Дональд Трамптын өлкөсүн ядролук келишимден чыгарышынан кийин Иран менен жаңы келишим үчүн сүйлөшүүгө даяр болгонун жарыялоосуна баа берген Зариф: «Убадаларынан баш тарткан кишилер менен сүйлөшүүнү каалабайбыз. Ирандыкты коркутуу менен эч бир жерге жете албайсың. Сүйлөшүүнүн жолу урмат-сыйдан өтөт, коркутуулардан эмес»,-деп айтты.

Трамп мурдагы күнү Твиттерден бөлүшүүсүндө, «Иран согушууну кааласа бул Ирандын акыры болот. Эч качан АКШны коркутпа!» деп жазган.

АКШнын президенти Дональд Трамп, эки апта мурда болсо Ак үйдөгү маалымдоосунда Иран башкаруучулугуна жаңы келишим үчүн сүйлөшүү чакырыгын салган.

Ирандын лидери Айетуллах Али Хаманей да Трамптын сүйлөшүү чакырыгын, «АКШ бүгүнкү күндөгү мамилесин уланткан сайын сүйлөшүү уу сыяктуу болот. Учурдагы АКШ өкмөтү менен боло турган сүйлөшүү эки эсе уулуу болот»,-деп четке каккан.



Тектеш кабарлар