Венесуэлада бомба жардырылды
Каракста кээ бир элчиликтер жана чет элдик миссиянын өкүлчүлүктөрү болгон Ла Кастеллана районунда жол жээгине ташталган колдо жасалган жарылуучу жардырылды.
Венесуэланын борбор шаары Каракста кээ бир элчиликтер жана чет элдик миссиянын өкүлчүлүктөрү болгон Ла Кастеллана районунда жол жээгине ташталган колдо жасалган бомба жардырылды.
Венесуэла басма сөзүндө чыккан кабарга караганда жол жээгинде табылган шектүү бир пакеттен улам Боливар Улуттук Чалгындоо Кызматынын бомба жардыруучу топтору борбор шаар Каракастын Ла Кастеллана районуна кирип – чыгууларды токтотту.
Кээ бир элчиликтер жана чет элдик миссия өкүлчүлүктөрү да болгон райондогу шектүү пакет Боливар Улуттук Чалгындоо Кызматынын тобу тарабынан жардырылды. Пакетте колдо жасалган жарылуучу заттын бар экендиги белгиленди.
Венесуэлада оппозициячылдардын 30 - апрелдеги ийгиликсиз болгон аскердик кыймылды уюштурган ысымдардын арасындагы Лопольдо Лопес качкан Испания элчилиги да Ла Кастеллана районунда.
Өткөн жумада да көпчүлүгү оппозициячылдардын колунда болгон Улутук Парламент имараты бомба бар деген негиз менен Боливар Улуттук Чалгындоо Кызматы тарабынан бошотулуп, имаратка бир күн кирип – чыгуу болгон эмес.