Манбиждеги жарылуунун жоопкерчилигин ДЕАШ моюнга алды

Манбиж районун 2016 -  жылы август айынан бери ЙПГ/ПКК террордук уюму басып алган.

1203225
Манбиждеги жарылуунун жоопкерчилигин ДЕАШ моюнга алды

Сириянын Манбиж районунда ЙПГ/ПКК террордук уюмунун аскердик парламентинин борборунда болгон жарылуунун жоопкерчилигин террордук уюм ДЕАШ моюнга алды.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда өлкөнүн түндүгүндөгү Манбиж районунун борборунда уюмдун аскердик парламентинде болгон жарылууда араларында ЙПГ/ПККнын Манбиждеги жооптуусу террор корбашысы Робар Мүнбич жана көп сандаган ЙПГ/ПКК террористти өлдү.

Жарылуудан кийин АКШнын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрүнө таандык тик учарлар аймакта учкан жок. Кол салуунун жоопкерчилигин террордук уюм ДЕАШ моюнга алды.

Манбиж районун 2016 -  жылы август айынан бери ЙПГ/ПКК террордук уюму басып алган.



Тектеш кабарлар