Генерал-майор Крис Гика Сирияда ЙПГнын мүчөсү террористтерге билим бергендерин моюнга алды

Англиялык генерал-майор Крис Гика, видео-конференция ыкмасы менен АКШнын Коргоо министрлигине (Пентагон) кошулуп Ирак жана Сириядагы операцияларга карай суроолорго жооп берди.

1201604
Генерал-майор Крис Гика Сирияда ЙПГнын мүчөсү террористтерге билим бергендерин моюнга алды

АКШ баштаган ДЕАШка каршы коалициянын командиринин орун басары генерал-майор Крис Гика, жикчил террордук уюм ПККнын Сириянын түндүк-чыгыш жагындагы уландысы ЙПГнын мүчөсү террористтерге билим бергендерин моюнга алды.

Англиялык генерал-майор Крис Гика, видео-конференция ыкмасы менен АКШнын Коргоо министрлигине (Пентагон) кошулуп Ирак жана Сириядагы операцияларга карай суроолорго жооп берди.

Сириянын түндүк-чыгыш жагында ырааттуулукту камсыздоо иштерине карай саясий сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканын билдирген Гика, АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү Жеймс Жеффринин бул темада Түркия жана СДК ысымын колдонгон жикчил террор уюму ЙПГ/ПКК менен сүйлөшүүлөрүн улантканын айтты.

Коалициянын СДК ысымын колдонгон террордук уюм ЙПГ/ПКК чатырынын астында 40 миң кишилик «коопсуздук күчүн» окутуусуна карай суроого жооп берген Гика: «Түндүк-Чыгыш Сирия тууралуу так санын айта албаймын, анткени ал жер бираз сезимтал бир жер. Бирок муну айта аламын, 30 менен 40 миң санына карай туруктуу түрдө баратабыз.Бул санга жете турганыбызды ойлоодомун»,-деди.

Ушул убакка дейре бул билим берүүлөрдүн алкагында канча кишинин билим алганы тууралуу суроого болсо Гика: «Ушул убакта 10 менен 20 миңдин арасында бир жердебиз жана туруктуу түрдө артууда бул»,-деп жооп берди.



Тектеш кабарлар