Израиль күчтөрү 12 палестиналыкты камоого алды
Басып алынган Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста бат - бат үйлөрдү тинткен Израиль күчтөрү түрдүү ойлор менен палестиналыктарды камоого алууда.
Израиль аскерлери басып алынган Батыш Шериада 12 палестиналыкты камоого алды.
Израиль армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Батыш Шерианын түрдүү аймактарына түнү менен жасалган чабуулдарда «террордук кыймылдарга аралашты» деген ой менен 12 плестиналык камоого алынды.
Маалыматта камоого алынган палестиналыктардын аймактагы камоого алуу борборуна жиберилгендиги белгиленди.
Басып алынган Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста бат - бат үйлөрдү тинткен Израиль күчтөрү түрдүү ойлор менен палестиналыктарды камоого алууда.
Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста көнүмүш адатка айланган камоого алуулардан кийин араларында аялдар менн балдар да болгон палестиналыктардын кээ бирлери көптөгөн күндөрдөн бери камоо борборлорунда кармалууда.
Палестина расмий булактарына караганда Израиль абактарында 500гө жакын киши административдик камоодо, 5 миң 700 палестиналык да камоого алынып, алардын 230зу балдар.