Афганстанда жарылуу болду

Кол салууда 4 бала каза болду.

1199045
Афганстанда жарылуу болду

Афгаснтандын түндүгүндөгү Фаряб аймагынын Девлет Абад районунда болгон жарылууда 4 бала каза болду.

Фаряб коопсуздук директорлугунун катчысы Абдулкерим Юриш Девлет Абаддын Чаршангу айылында бош бир участокко жайгаштырылган бомбанын балдар койлорду  оттоткон учурда жарылгандыгын белгиледи.

Юриш жарылууда 4 баланын каза болгондугун, 5 баланын да оор жаралангандыгын айтып, бомбанын аймакка Талибан тарабынан жайгаштырылгандыгын айтты. Талибандан болсо азырынча маалымат бериле элек.



Тектеш кабарлар