Испаниядагы шайлоодо 350 орундуктун 164түн аялдар алды

Жекшемби күнү болгон шайлоодон кийин парламентте аял депутаттардын катнашынын 46, 8 пайызга жеткендиги көңүлдөрдү бурду.

1192632
Испаниядагы  шайлоодо 350 орундуктун 164түн аялдар алды

Испанияда жалпы шайлоодон кийин парламентте 350 орундуктун 164түн аялдар алды.

Жекшемби күнү болгон шайлоодон кийин парламентте аял депутаттардын катнашынын 46, 8 пайызга жеткендиги көңүлдөрдү бурду.

Өлкөдө 2016 -  жылдан бери болгон акыркы шайлоого салыштырганда аял депутаттардын санынын 26 орундукка өскөндүгү байкалды.

Шайлоодон биринчи болуп чыккан Социалист жумушчу партиянын жана экинчи болгон Элдик партиясында аял депутаттар эркектерге караганда дагы көп орун алды.

Социалист  жумушчу партиясында 123 депутаттан 64түнүн, Элдик партиясында болсо 66 депутаттан 34нүн аял экендиги байкалды.

Испанияда 2007 -  жылы чыгарылган жыныстык теңдик мыйзамы боюнча саясий партиялар аял жана эркектерден эң аз 40 пайыз, эң көп 60 пайыздык катнашта талапкер көрсөтө алат.

Бул мыйзамдан кийин 5 -  жалпы шайлоо өткөрүлгөн Испанияда аял депутаттардын парламенттеги катнашы биринчи жолу 46, 8 пайызга чыкты.

2018 -  жылы июнь айында азчылык өкмөтүн курган Социалдык жумушчу партиясынын лидери жана премьер  - министр Педро Санчездин кабинетиндеги 17 министрден 11 да аял болгон.



Тектеш кабарлар