Украинада добуштар саналып бүттү
Шайлоону жеңген талапкер 31-майга чейин ант берип президенттик кызматын баштоосу керек.
Украинада президенттик шайлоонун жеңүүчүсү 73,22 пайыздык добуш менен куудул Владимир Зеленский болду.
Борбордук шайлоо комиссиясы, жуманын аягында өлкөдө өткөрүлгөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы добуштарды саноо ишинин аяктаганын билдирди.
Комиссиянын билдирүүсүнө караганда, чет өлкөдөгү добуштар менен бирге өлкөнүн жалпысында 62,09 пайыздык катышуу болгон шайлоодон кийин үкөктөрдүн баардыгы ачылды.
Саноонун жыйынтыгында, талапкерлерден куудул Владимир Зеленский 73,22 пайыздык добуш менен биринчи болду.
Зелинскийдин атаандашы, учурдагы президент Петр Порошенко болсо добуштардын 24,45 пайызын алып президенттик шайлоодо жеңилди.
Зеленский колдонулган 18 миллион 491 миң 840 добуштун 13 миллион 541 миң 530ун алса, Порошенко 4 миллион 522 миң 320 добуш алды.
Шайлоону жеңген Зеленский 31-майга чейин ант берип президенттик кызматын баштоосу керек.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.