Түштүк Африкада сел жана жер көчкү болду

Апаатта 51 кишинин каза болгондугу билдирилди.

1189106
Түштүк Африкада сел жана жер көчкү болду

Түштүк Африканын Квазулу  - Натал аймагында ашыкча жамгыр жаашы жол ачкан сел жана жер күчкүлөрүндө каза болгон киши саны 51ге жетти.

Квазулу  - Натал аймагынын министри Номуса Дубе  - Нжуб берген маалыматында  Квазулу  - Наталда катуу жамгыр жаашынан улам болгон сел жана жер көчкүлөрдө каза болгондордун саны 37ден 51ге чыккандыгын билдирди. Апаатта жүздөгөн кишинин жаралангандыгын айткан Дубе  - Нжуб аймакта куткаруу иштерининулантылып жаткандыгын белгиледи.

Бир тараптан Түштүк Африка президенттигинин твиттер эсебинен берилген маалыматта : «Мамлекет башчысы Кирил Рамафоса апаат аймагына баруу үчүн Египет сапарын кыскартты»,- деп маалымдалды.

Түштүк африка метеорология департаментинен берилген маалыматка караганда катуу жааган жамгырдын жаашы эртең да улантылат.



Тектеш кабарлар