Марста жер титирөө катталды

Муну НАСАнын InSight аппараты аныктады.

1188959
Марста жер титирөө катталды

АКШнын Авиация жана космостук агенттигинин (НАСА) Марска кондурган сейсмикалык изилдөө аппараты InSight кызыл планетада жер силкинүүнү каттады.

Илимпоздор Инсайттын 6-апрелде Марста жер титирөө болгонун аныктаганын, мунун планетада катталган алгачкы жер силкинүү экенин билдиришти.

Париждин жер шары боюнча физика институтунан Филипп Логнон, Марстын сейсмикалык жактан дагы деле активдүү экенине байланыштуу далилдерге жеткендери үчүн толкундангандарын белгилеп: «Бир канча айдан бери ушундай белги күтүп жатканбыз»,-деди.

Адистердин 6-апрелде катталган көрсөткүчтү жана марттын ортосунан бери аныкталган дагы үч сейсмикалык белгини иликтеп жаткандары маалымдалды.

Илимпоздор Марстагы жер титирөөлөрдү иликтеп кызыл планетанын пайда болуу процесси туурасында дагы көп маалымат алууну максаттап жатышат.

Марстын геологиялык жактан Жер сыяктуу активдүү эмес экени жана Ай сыяктуу тектоникалык плиталары жок экени айтылууда.



Тектеш кабарлар