Шри Ланкадагы кол салууда чет элдик 35 киши каза болду
Кол салууда 35 чет элдик кишинин каза болгондугу билдирилди жана алардын ичинен экөөсү түрк.

Шри Ланкада кечээ Паскалия күнүндө 8 башка жерге жасалган террордук кол салууда 35 чет элдик кишинин каза болгондугу билдирилди. Алардын ичинен экөөсү түрк.
Шри ланкалык жетекчилер Коччикадеде ыйык Энтони, Катанада ыйык Себастьян жана Баттикалоадагы Мариям эне чиркөөсү, борбор шаар Коломбодогу беш жылдыздуу Shangri-La, Cinnamon Grand жана Kingsbury мейманканалары менен бирге шаар четиндеги бир конок үйү жана көпүрөгө жасалган бомбалуу кол салууда каза болгондордун арасында 35 кишинин чет өлкөнүн жараны экендигин билдирди.
Шри Ланка мекемелери каза болгондордун күбөлүктөрүнө байланыштуу маалымат бербестен, араларында Британия, Дания, Нидерландия, Португалия, Индия, Кытай, Австралия жана Түркия болгон өлкөлөр кол салууда жарандарынын каза болгондугун ырастады.
Британиянын Шри Ланка элчиси Менисха Гунасекера болсо экөөсү АКШ жана Британиянын кош жараны, жалпы 8 англис жаранынын каза болгондугун билдирди.
Даниянын тышкы иштер министрлиги 3, Португалия мекемелери да 1 жаранынын кол салууда каза болгондугун ырастады.
Нидерландиянын тышкы иштер министри Стеф Блок 1, Индиянын тышкы иштер министри Сушма Свараж да 3 жарандын каза болгондугун билдирди.
Кытайдын расмий медиа органы People's Daily гезити 1 Кытай жаранынын, Австралиянын премьер - министри Скотт Мориссон болсо 2 австралиялыктын террордук кол салууда каза болгондугун жарыялады.
Түрк тышкы иштер министрлиги да берген маалыматында кол салууларда түрк жараны инженер Серхан Селчук Наричи жана Йигит Али Чавуштун да каза болгондугун билдирген.