Жаңылыш партияга добуш бергени үчүн бармагын кесип салды

«Пилге добуш бермекмин бирок жаңылыштык менен гүлгө добуш бердим»,- деген Кумар бушаймандык менен чыкпай турган сыяга малынган сөөмөйүн кести.

1186804
Жаңылыш партияга добуш бергени үчүн бармагын кесип салды

Индияда жаңылыш партияга добуш берген киши сөөмөйүн кести.

БиБиСинин кабарына караганда Индиядагы парламенттик шайлоонун негизинде түндүктөгү Уттар Прадеш аймагында Паван Кумар аттуу шайлоочу добушун бергенден кийин жаңылыштык менен бийликтеги Бхаратия Жаната партиясына добуш бергендигин байкады. Кумар социалдык медиада жарыяланган видеодо жергиликтүү бир партияга добуш берүүнү каалагандыгын бирок добуш берүү машинасында көп сандаган символдордон адашкандыгын айтты.

«Пилге добуш бермекмин бирок жаңылыштык менен гүлгө добуш бердим»,- деген Кумар бушаймандык менен чыкпай турган сыяга малынган сөөмөйүн кести.

Индияда парламенттик шайлоодо бийликтеги BJPнин символу лотос гүлү ал эми Бахужан Самаж партиясынын символу пил.

Кээ бир аймактарда кат  - сабаттуулук катнашы төмөн болгон Индияда партия символдору шайлоочулардын ишин жеңилдетүүдө.

Индияда 11 -  апрелде башталган парламенттик шайлоонун экинчи баскычы кечээ өткөрүлдү.

Шайлоонун калган баскычтары 29 -  апрелде жана 12 – 19 -  май күндөрү өткөрүлөт. Шайлоо жыйынтыктарынын 23 -  майда билдирилиши күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар