Орусия украиналык аскерлердин камалуу мөөнөтүн узартты
24 аскердик кызматкердин камалуу мөөнөтү 24 - июнга чейин узартылды.
Кара деңизде Керч кысыгынын жакындарында Орусия колго алган Украина аскердик учактарынын экипажы болгон 24 аскердик кызматкердин камалуу мөөнөтү 24 - июнга чейин узартылды.
Орусиянын борбор шаары Москвада Лефортовский сотунда аскерлер 3 башка залда соттолду.
Прокурордун талабы менен коомчулукка жабык өткөн сотто медиа кызматкерлери менен камалгандардын жакындары бир гана чечим билдирилип жатканда залга алынды.
Соттун акырында сот 24 - украиналык деңиз аскерлерин камоо мөөнөтүнүн 24 - июлга чейин узартылышына чечим чыгарды.
Өткөн жылы ноябрь айынын акырында Кара деңизде Керч кысыгынын жакындарында орус аскердик кемелери Украина аскердик кемелери эреже бузду деген негиз менен куралдуу кийлигишүүдө болуп, Украина деңиз күчтөрүнө таандык 3 кемедеги аскердик кызматкер камоого алынган.
Андан мурда Москвадагы Лефортовский соту Украина аскерлеринин 24 - апрелге чейин камоодо болушуна чечим чыгарган болчу.