Ирандык министр Сириянын лидери Асад менен жолугат
Ирандын тышкы иштер министри Зариф Дамаскка расмий сапар менен барды.

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф Сириядагы режимдин лидери Башар Асад менен жолугушуу үчүн Дамаскка барды.
Ирандын расмий Ирна агенттигинин кабарына караганда, Асаддын чакыруусу боюнча Дамаскка расмий сапар жасаган Зариф, Дамаск аэропортунда режимдин тышкы иштер министринин орун басары Файсал Микдад тарабынан тосулуп алынды.
Аэропортто сапар туурасында журналисттерге маалымат берген Зариф: «Аймактык жана эл аралык маселелер боюнча координацияны камсыздоо жана эки өлкөнүн ортосундагы келимдердин аткарылышы үчүн Сирияга келдим. Ушундай эле максаттар менен Түркияга да барабыз»,-деди.
Зарифтин бир күндүк Дамаск сапарынын алкагында Асад менен да жолугаары белгиленди.
Ирандын тышкы иштер министринин Сириядагы жолугушууларын аяктагандан кийин Түркияга келиши күтүлүп жатат.