Европа Биримдигинен Ливияда тынчтанууга чакыруу

Ливиянын чыгышындагы аскердик күчтөрдүн лидери Генерал Халифе Хафтер 4 -  апрелде Триполини колго алуу үчүн кол салуу башташкандарын билдирген.

1179212
Европа Биримдигинен  Ливияда тынчтанууга чакыруу

Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Федерика Могерини Ливияда жогорулап бара жаткан чыңалууну түшүрүү жана сүйлөшүү столуна кайтып келүүгө чакырды. Могерини Люксембургда өткөрүлгөн тышкы иштер кеңешинин жыйынынан мурда маалымат берди.

Либиянын чыгышындагы аскердик күчтөрдүн лидери Генерал Халифе Хафтердин борбор шаар Триполиге жакындашы менен аймактагы жарандардын коопсуздугунун түзүлүшү керектигин белгилеген Могерини : «Ливиялык лидерлер аскердик чыңалууну жогорулатуудан алыс болуп жана сүйлөшүү столуна кайтышы керек»,- деди.

Ливиянын чыгышындагы аскердик күчтөрдүн лидери Генерал Халифе Хафтер 4 -  апрелде Триполини колго алуу үчүн кол салуу башташкандарын билдирген.

Ливиянын улуттук макулдашуу өкмөтүнүн төрагалык кеңешинин төрагасы Файиз ес  - Серраж да башкы командир сыпаты менен башкы штабдын төрагалыгына жиберген телеграфта жарандардын өмүрүнө карата коркутууларга каршы аба күчтөрү командирлигин операцияларын жүргүзүү менен милдеттендирген.



Тектеш кабарлар