Дүйнөнүн жана Ирандын эң эски гезит сатуучусу каза болду

Ирандын эң эски гезит сатуучусу катары Гиннес рекорддор китебине кирген  93 жаштагы Мухаммед Ренжбер Эмири Кереж шаарында каза болду.

1177154
Дүйнөнүн жана Ирандын эң эски гезит сатуучусу каза болду

Ирандын эң эски гезит сатуучусу катары Гиннес рекорддор китебине кирген  93 жаштагы Мухаммед Ренжбер Эмири Кереж шаарында каза болду.

Иран расмий агенттиги ИРНАнын кабарына караганда Гиннес рекорддор китебине кирип дүйнөнүн жана Ирандын эң эски гезит сатуучусу катары кабыл алынган Эмири кечээ кечинде Эльбурс аймагынын борбору Кереж шаарында каза болду.

Хузистандын Бабел шаарында 1926 -  жылы төрөлгөн Эмири 1937 -  жылы 11 жашында борбор шаар Тегеранда гезит сата баштайт. Ошол эле учурда жазуучу да болгон Эмири 82 жылдык кесиптик турмушунан сөз кылган «Бир гезит сатуучусунун эскермелери» аттуу автобиографиялык китебин жазды.

Эмиринин 6 -  апрель ишемби күнү Кереж шаарында окула турган намаздан кийин жерге берилери белгиленди.



Тектеш кабарлар