Буркина Фасодо ураалар арасында кагылышуу чыкты

Буркина Фасонун түндүгүндөгү Хамкане шаарында уруулардын арасында чыккан кагылышууларда 62 киши каза болду.

1176915
Буркина Фасодо ураалар арасында кагылышуу чыкты

Буркина Фасонун түндүгүндөгү Хамкане шаарында уруулардын арасында чыккан кагылышууларда 62 киши каза болду.

Жерди башкаруу жана социалдык шайкештик министри Симеон Савадого берген маалыматында Мали чек арасына жакын Хамканеге караштуу Арбиндада уруулар арасында кагылышуунун чыккандыгын билдирди. Савадого кагылышуунун Хамканеде диний лидер, улуу баласы жана бир тууганынын өткөн жумада өлтүрүлүшүнөн кийин чыккандыгын белгиледи. Фулани  жана башка уруулардын арасында чыккан кагылышууларда 30 киши менен 32 террористтин каза болгондугун билдирген Савадого 9 кишинин да качырылгандыгын белгиледи.

Малиде да эки жума мурда фуланилерге таандык бир айылга карата кол салууда 160 киши каза болгон.



Тектеш кабарлар