АКШ Индияга 24 тик учар сатууну бекитти

Press Trust of India агенттигинин кабарында президент Дональд Трамп башкаруусунун Индияга Lockheed Martin 24 MH-60R тик учарынын сатылышын бекиткендиги билдирилди.

1177030
АКШ Индияга 24 тик учар сатууну бекитти

Press Trust of India агенттигинин кабарында президент Дональд Трамп башкаруусунун Индияга Lockheed Martin 24 MH-60R тик учарынын сатылышын бекиткендиги, суу түбүндөгү кемени иликтөө менен бирге изилдөө – куткаруу операциялары үчүн долбоорлонгон бул моделдердин англис «Деңиз Арастаны» тик учарларынан турган флоттун ордуна өтөрү белгиленди.

Кабарда сатуунун 2, 6 миллиард долларга чыгым болору билдирилди.

АКШнын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта да сунуш кылынган сатуунун АКШ менен Индиянын ортосунда стратегиялык карым  - катнаштын күчтөндүрүлүшүнө, Түштүк Азияда Индиянын экономикалык өнүгүшү, тынчтык, саясий ырааттуулук үчүн маанилүү бир күч болууну уланткан негизги коргонуу өнөктөшүнүн коопсуздугунун күчтөндүрүлүшүнө жардам берүү менен АКШнын улуттук коопсуздугун жана тышкы саясатын колдой тургандыгы белгиленди.

Индиялык жетекчилер азырынча бул тууралуу маалымат бербестен коопсуздук адистери тик учар сатуу келишиминин Индия деңиз флотунун  жөндөмдүүлүктөрүн арттырарын, ошол эле учурда аймакта куралдануу жарышына түрткү берерин белгилешти.



Тектеш кабарлар