Европа Парламенти желим идиштерге тыюу салды

Европа Парламентинин Башкы Ассамблеясы, желим идиштерге тыюу салган чечимди бекитти.

1172221
Европа Парламенти желим идиштерге тыюу салды

Европа Парламенти, деңиздин булганышына алып келген тарелка, вилка, бычак жана пипетка сыяктуу бир жолу колдонулуучу желим идиштерге 2021-жылдан тарта тыюу салган чечимди бекитти.

Франциянын Страсбург шаарында уланган Европа Парламентинин Башкы Ассамблеясы, деңиздер менен жээктерде эң көп болгон бир жолу колдонулуучу желим идиштердин колдонулушуна тыюу салган чечимди бекитти.

Европа Парламентинин мүчөлөрү тарабынан 35 «каршы», 28 «калыс» жана 560 «макул» добушу менен кабыл алынган чечимге  караганда, 2021-жылдан тарта желим тарелка, вилка, бычак, кашык, пипетка, стакан, азык түлүк каптары жана кулак тазалагыч Европа Биримдиги өлкөлөрүндө колдонулбайт.

Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн, 2029-жылга чейин желим шишилердин 90 пайызын чогултуп, 2025-жылга чейин бир жолу колдонулуучу желим шишелердин 25 пайызын, 2030-жылга чейин да 30 пайызын кайра иштетүүсү керектиги белгилеген чечимде, Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн тамеки чыпкаларын өндүргөндөрдүн алардын таштанды жана тазалык каражаттарын камсыздоого салым кошоору баса белгиленди.



Тектеш кабарлар