Европа Парламенти маанилүү мыйзам долбоорун бекитти

Мыйзам долбоору күчүнө кирүүсү үчүн Европа кеңеши расмий бекитиши керек.

1172413
Европа Парламенти маанилүү мыйзам долбоорун бекитти

Европа Парламенти, жеңил унаалар жана жүк ташуучу унаалардын уулуу газдар эмиссиясын азайтуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды.

Франциянын Страсбург шаарында уланган Европа Парламентинин Башкы Ассамблеясы, оор унаалардын жана автомобилдердин эмиссиясына чектөө киргизе турган долбоорду 63 "каршы", 521 "макул" добушу менен кабыл алды.

Буга караганда жаңы унаалар үчүн уулуу газдар эмиссиясы 2030-жылы, 2021-жылдагыдан 37,5 пайыздын астына, жүк ташуучу унаалар үчүн да 31 пайыздын астына түшүрүлөт.

Мыйзам долбоорунун күчүнө кирүүсү үчүн Европа кеңешинин расмий бекитүүсү керек.



Тектеш кабарлар