Болгарияда чыккан өрттө 3 киши каза болду

Окуя тууралуу тергөө баштатылды.

1172651
Болгарияда чыккан өрттө 3 киши каза болду

Болгариянын түштүк – чыгышындагы Филибе шаарында бир психикалык жана нервдик оорулар ооруканасында чыккан өрттө үч оорулуу каза тапты.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда себеби азырынча белгисиз болгон өрттүн чыгышынан кыска убакыттан кийин өрт өчүргүч жана полиция топтору өрткө кийлигишти. Өрт кыска убакытта өчүрүлдү.

Куткаруу иштеринин натыйжасында 61 оорулуу ооруканадан чыгарылып, оорукананын эркектер үчүн бөлүнгөн бөлүгүнүн эң астыңкы кабатында ким экендиги аныктала албаган үч кишинин сөөгү табылды. Окуя тууралуу тергөө баштатылды.

 



Тектеш кабарлар