АКШ БУУнун Коопсуздук кеңешинде жалгыз калды

БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын президенти Дональд Трамптын Голан дөңсөөлөрүнө Израилдин ээлик кылуусун таанышынан кийин Сириянын талабы боюнча чогулду.

1172297
АКШ БУУнун Коопсуздук кеңешинде жалгыз калды

АКШ, БУУнун Коопсуздук кеңешинде бир беткей чыгарган Голан дөңсөөлөрү тууралуу чечими менен жалгыз калды. Кеңештин берки 14 мүчөсү басып алуу астындагы аймактын Израилдин жери болбогону темасында бирикти.

БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын президенти Дональд Трамптын Голан дөңсөөлөрүнө Израилдин ээлик кылуусун таанышынан кийин Сириянын талабы боюнча чогулду.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүнүн саясий координатору Родни Хантер, Кеңештеги сөзүндө «Голан дөңсөөлөрүнүн Сирия режими жана Иран тарабынан көзөмөлгө алынышына уруксат берилген учурунда, режим, Иран жана Хизбуллахтын Израилге карай кол салууларын көз жаздымда калтырган болоорун» жактады.

Хантер: «Бул чечим Израилдин коопсуздугу жагынан орчундуу стратегиялык мааниге ээ жана АКШ аймактын ыраатуулугуна салым кошо турганына ишенүүдө»,-деди.

Родни Хантер, айрыкча АКШнын Голан чечиминин Сирия-Израиль ок атышпоо багытындагы БУУнун Ок атышпоонуу байкоо күчүнө (UNDOF) таасир тийгизбей турганын белгилеп, тынчтык күчү миссиясынын аймакта калуусу керектигин айтты.

Бирок АКШ бир беткей чыгарган чечимин жактаган БУУнун Коопсуздук кеңешинде жалгыз калды. Кеңештин берки 14 мүчөсү басып алуу астындагы аймактын Израилдин жери болбогону темасында бирикти.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Владимир Сафронков туш келди чыгарылган жана дүйнөлүк тартипке каршы чыккан бул чечимдин ийгиликсиз болууга аргасыз экенин белгилеп, «АКШнын бир беткей чыгарган бул чечими эмне себеп менен болсо дагы эл аралык эч бир укуктук чечимди өзгөртө албайт»,-деди.

Кеңештеги Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөрдүн өкүлү да АКШнын Голан дөңсөөлөрү боюнча чечиминин БУУнун Коопсуздук кеңешинин токтомдоруна терс келгенинин көз карашын бөлүштү.

Туруктуу мүчөлөрдөн Франция жана Англия менен убактылуу мүчөлөр Бельгия, Германия жана Польша,  БУУнун Коопсуздук кеңешинин 242, 338 жана 497 номердүү токтомуна шилтеме берип Голан дөңсөөлөрүнүн Израилдин жери болбогонун билдиришти.

Сирия режиминин БУУдагы туруктуу өкүлү Бешшар Жафери болсо АКШ жана Израилди катуу сынга алды.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин Израилдин 1981-жылы Голан дөңсөөлөрүн аннекциялоосунан кийин дароо чыгарган 497 номердүү алгачкы чечими, Израилдин басып алуусуна каршы чыгууда жана токтомдо «Израилдин басып алуусу астындагы Голан дөңсөөлөрүндө өз мыйзамдарын, сотун жана башкаруусун ишке ашыруу чечими жараксыз жана эл аралык укуктук жарактуулугу жок»,деген сөздөр орун алган.

Израиль, Сириянын территориясы болгон Голдан дөңсөөлөрүн 1967-жылдан бери басып алуусу астында кармоодо.



Тектеш кабарлар