Мозамбикте болгон бороон жана сел

Селден каза болгондордун саны 447ге жетти.

1170302
Мозамбикте болгон бороон жана сел

Мозамбикте болгон бороон жана катуу жамгыр жаашы жол ачкан селден улам каза болгондордун саны 447ге, чатыр шаарда баш калкалагандардын саны болсо 128ге жетти.

Мозамбик жер жана экология министри Селсо Коррейя, журналисттерге берген маалыматта апаатта 447 кишинин каза болгондугун, жүздөгөн кишинин жаралангандыгын белгиледи.

Селсо Коррейя Идаи бороонунан улам чатыр шаарга баш калкалагандардын санынын 128 миңге жеткендигин белгиледи.

Мозамбикте эки жума мурда болгон Идаи бороону жана селдерден 1 миллиондон ашуун киши таасирленген.

Өлкөнүн жээк шаары Беиранын 90 пайызы сел жана бороондон зыян тарткан. Апаат 15 миң кишинин азыр да куткарууну күтүп жаткандыгы билдирилген.

Мамлекет башчысы Филипе Ньюси бороон жана селден каза болгондор үчүн өлкөдө 3 күндүк улуттук аза күтүү жарыялаган.



Тектеш кабарлар