Түрк жигити Берлинде чыккан өрттө 3 кишини куткарды

Германиянын борбор шаары Берлинде 20 жашындагы Бурак Кадир Онай аттуу түрк жигити бир имарттан чыккан өрттөн  3 кишини куткарды.

1168622
Түрк жигити Берлинде чыккан өрттө 3 кишини куткарды

 Германиянын борбор шаары Берлинде 20 жашындагы Бурак Кадир Онай аттуу түрк жигити бир имарттан чыккан өрттөн  3 кишини куткарды.

Полиция Нойкельн районундагы бир имартта кечээ чыккан өрттө 2 кишинин каза болгондугун, 15 кишинин ооруканага жаткырылгандыгын жана 25 кишинин куткарылгандыгын билдирди. Полиция Бурак Кадир Онайдын өрттөн 3 кишини куткаргандыгын, төртүнчү кишини чыгарып жатып түтүндөн эси оогондугун билдирди. Полиция ооруканага жаткырылган Онайдын дарыланып жаткандыгын жана саламаттыгынын жакшы экендигин айтты.

Түркиянын Берлин башкы консулу Мустафа Челик Онайды дарыланып жаткан ооруканага барып көрдү. Челик : «Бурак чыныгы бир каарман. Үлгүлүү жаран. Өзүн куттуктадык. Абалы абдан жакшы»,- деди.



Тектеш кабарлар