"Террорист калган өмүрүн абакта өткөрөт"

Жаңы Зеландиянын вице -  премьери, тышкы иштер министри Винстон Петерс , Жаңы Зеландиядагы мусулмандардын өздөрүн коопсуз экендерин сезүүсү үчүн керек болгон чараларды көрүшкөндөрүн айтты.

1168718
"Террорист калган өмүрүн абакта өткөрөт"

Жаңы Зеландиянын вице -  премьери, тышкы иштер министри Винстон Петерс өлкөсүндө өткөн жумада 2 мечитте жума намазын окуган 50 кишини өлтүргөн террорист Брентон Терранттын өмүрүнүн калганын абакта өткөрөрүн белгилеп : «Жаңы Зеландияда тарыхынын эң чоң тергөөсү баштатылды»,- деди.

Винстон Петерс Ислам Кызматташтык Уюмунун террордук кол салуу тууралуу Стамбулда өткөрүлгөн кезексиз саммити үчүн Стамбулга келди.

Тышкы иштер министри жана Ислам Кызматташтык Уюмунун аткаруу комитетинин төрагасы Мевлют Чавушоглу Ислам Кызматташтык Уюмунун башкы секретары Юсуф бин Ахмед ел  - Усеймин жана Жаңы Зеландия вице  - премьер жана тышкы иштер министри Винстон Петерс бул жерде биргелешкен пресс - жыйын өткөрдү.

Пресс жыйында сөз сүйлөгөн Винстон Петерс ишенүү эркиндигине маани берген  өлкө экендерин, Жаңы Зеландиядагы мусулмандардын өздөрүн коопсуз экендерин сезүүсү үчүн керек болгон чараларды көрүшкөндөрүн айтты.

Мусулмандарга карата жасалган кол салууну баарына жасалгандай кабыл алышкандарын белгилеген жаңы зеландиялык министр 2 мечитти бутага алган террордук кол салууну наалаттагандарын белгилеп : «Террорист Брентон Террант өмүрүнүн калганын Жаңы Зеландияда жалгыз абакта өткөрөт. Жаңы Зеландия тарыхынын эң чоң тергөөсү башталды»,- деди.



Тектеш кабарлар