Паром кырсыгынан каза тапкандардын саны көбөйдү

Каза болгондордун саны 100 кишиге жетти.

1168469
Паром кырсыгынан каза тапкандардын саны көбөйдү

Ирактын Мосул шаарында паромдун чөгүп кетишинен каза тапкандардын саны 100 кишиге жетти.

Ички иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Мосулда Тигр дарыясынын жээктеринде бир паромдун чөгүп кетишинен 100 кишинин сөөгүнүн табылганы белгиленди.

Издөө-кутаруу иштеринин алкагында 19у бала 55 кишинин куткарылгандыгы маалымдалып, паромдо ашыкча киши болгондугу сөз кылынды.

Жергиликтүү маалымат булактары, 50 кишилик паромдо 170тен ашуун кишинин болгонун жазып чыгышты.

Премьер-министр Адил Абдулмехди, паром кырсыгына байланыштуу чукул териштирүү баштоого буйрук берди.

Премьер-министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Абдулмехдинин Мосулда бир паромдун чөгүп кетишинен жарандар каза болгон окуяга жакын байкоо салып жатканы жана дароо териштирүү баштоого буйрук бергени маалымдалды.

Иракта каза тапкандар үчүн үч күндүк аза күтүү күнү жарыяланды. 



Тектеш кабарлар