Жаңы Зеландиянын  премьер  - министри Жасинда Ардерн террористтердин атын атабай тургандыгын айтты

Жаң Зеландиянын Крайстчёртч шаарында жума намазында 10 минуталык аралык менен эки мечитке жасалган террордук кол салууда 50 киши каза болду.

1166417
Жаңы Зеландиянын  премьер  - министри Жасинда Ардерн террористтердин атын атабай тургандыгын айтты

Жаңы Зеландиянын  премьер  - министри Жасинда Ардерн Крайстчёртч шаарында 50 киши каза болгон, эки мечитке карата террордук кол салуу жасаган кишинин атын атабай тургандыгын белгиледи.

Депуттаттардан да террористтен улам террордук кол салууда каза болгон кишилердин аттарын айтпоону суранган Ардерн : «Ал бир террорист. Бир кылмышкер. Ал тууралуу сүйлөгөнүмдө ысымсыз болот»,- деди.

Ардерн фейсбук менен байланышта экендерин, террордук кол салуунун видеосунун алынышына карата аракеттери тууралуу маалымат алышкандарын белгилеп, видеонун азыр да интернет айдыңында болушунан тынчсыздангандыгын билдирди.

Жаңы Зландиянын премьер  - министри видео жарыяланган платформалардын «почтачы эмес жайылтуучу» экендерин, ошондуктан жоопкерчилик менен кыймыл кылуулары керектигин белгиледи.

Жасинда Ардерн өзгөчө Жаңы Зеландияда курал мыйзамы реформаларынын 10 күндүн ичинде билдирилерин, чалгындоо жана коопсуздук мекемелеринин террордук кол салуу рисктерин аныктоодогу ийгиликсиздиги тууралуу териштирүү жүргүзүлгөндүгүн баса белгиледи.

Парламентте мусулман коомдун лидерлери менен да жолугушкан Жаңы Зеландиянын премьер  - министринин жыйынга катышкандарга «селамуналейкүм» деп салам бериши көңүлдөрдү бурду. Ошол эле учурда Крайстчёртчта турмуштун калыбына келгендиги байкалып, жаралангандар дарыланган оорукана жакынындагы көчөлөр төрт күндөн кийин унааларга ачылды.

Кечээ кечинде шаардагы окуу жайлардан, аймактардан миңден ашуун студент «Нур» мечитинин маңдайындагы паркта чогулду. Күндүн батышында паркта чогулган студенттер курман болгондор үчүн шам жагышып, салттык Маори ырын ырдашты.

Жаң Зеландиянын Крайстчёртч шаарында жума намазында 10 минуталык аралык менен эки мечитке жасалган террордук кол салууда 50 киши каза болду.



Тектеш кабарлар