Венесуэла куралдуу күчтөрүнөн качкан аскерлер

23 -  февралдан бери куралдуу күчтөрдөн качып, Колумбияга баш калкалаган аскер санынын миңге жакын экендиги билдирилди.

1166362
Венесуэла куралдуу күчтөрүнөн качкан аскерлер

Венесуэла куралдуу күчтөрүнөн качып Колумбияга баш калкалаган аскерлердин саны миңге жетти. Тарыхынын эң олуттуу саясий кризиси болуп жаткан өлкөдө митингдер башталган  23 -  февралдан бери куралдуу күчтөрдөн качып, Колумбияга баш калкалаган аскер санынын миңге жакын экендиги билдирилди.

Сандар Колумбия миграция башкаруусу тарабынан бөлүшүлдү.

Колумбиянын тышкы иштер министрлигинин жетекчилери да венесуэлалык аскерлердин үй  - бүлөлөрүнө мүчө 400 кишинин дагы Венесуэладан  Колумбияга баш калкалагандыгын белгиледи.

Министрлик эл аралык адам укуктары келишими боюнча баш калкалоочуларды кабыл алып жана коргоого алышарын билдирди.

Колумбия өкмөтүнүн жетекчилери баш калкалоочулардын керектүү мыйзамдуу процедураларды аткарышынан кийин БУУнун качкындар жогорку комиссарлыгы офиси берген логистикалык колдоолорду колдонушарын белгиледи.

Венесуэла өкмөтү болсо бир  майор жана үч полковник да араларында болгон качкын жүз он алты аскерди «мекенге кыянаттык» жана «качкын» деген айыптоо менен армиядан чыгарган.

 

 

 



Тектеш кабарлар