Филиппиндерде кызамыктан каза болгондордун саны 286га жетти
Өлкөдө 5 жаштан кичүү 3, 7 миллион баланын коркунуч астында экендиги болжолдолууда.
Филиппиндерде жылдын башынан бери кызамыктан каза болгондордун саны 286га жетти.
Өлкөдө 5 жаштан кичүү 3, 7 миллион баланын коркунуч астында экендиги болжолдолууда.
Филиппиндердеги "ReliefWeb" сайтында чыккан кабарга караганда жалпы өлкөдөгү кызамык оорусунан улам жылдын башынан бери 286 киши каза болду. Алардын ичинен көпчүлүгү бөбөктөр менен балдар.
Кызыл Крест өлкөдө 5 жаштан кичүү болгон 3, 7 миллион баланын коркунуч астында экендиги боюнча эскертти.
Филиппиндер Кызыл Кресттин төрагасы Ричард Гордон өлкөдө 100 пайыз эмдөө катнашына жеткирүүнү максат кылгандарын айтты. Өлкөдөгү кызамык оорулууларынын саны 19 миңге жакындап, булардын эң көбүнүн Калабарзон аймагында экендигин билдирген.
Мамлекет башчысы Родриге Дутерте өткөн айда ата - энелерди балдарына кызамык эмдөөсүн кылдырууга чакырган.
Температура, алсыздык, жөтөл, мурундун агышы, көздөгү кызаруу менен башталган кызамык кулак инфекциясынын, ич өткөк, пневмония жана мээнин жаракат алышы менен өлүмгө да себеп болушу мүмкүн.
Тектеш кабарлар
Кытайда болгон сел жана жер көчкүдө 4 адам каза болуп, 10 адам дайынсыз жоголду
Кытайда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жана жер көчкү болуп, 4 адам каза болду.