АКШлык дипломаттар Венесуэлладан чыгып кетишти

Венесуэла өкмөтү өлкөдөн чыгып кетүү үчүн 72 саат убакыт берген америкалык дипломаттар белгиленген убакыт толо электе өлкөдөн чыгышты.

АКШлык дипломаттар Венесуэлладан чыгып кетишти

Венесуэла өкмөтү өлкөдөн чыгып кетүү үчүн 72 саат убакыт берген америкалык дипломаттар белгиленген убакыт толо электе өлкөдөн чыгышты.

АКШнын мамлекетик катчысы Майк Помпео берген жазуу түрүндөгү маалыматта Венесуэладагы бардык АКШлык дипломаттар өлкөдөн чыгып кеткендигин билдирди. Помпео билдирүүсүндө : «Мунун алар үчүн кыйын абал экендигин билем себеби алар өздөрүн Венесуэла калкынын демократия жана дагы жакшы келечек ичинде жашоо каалоосуна колдоо берүүгө арнаган»,- деди.

Помпео өзгөчө АКШ башкаруусунун өзүн убактылуу мамлекет башчысы деп жарыялаган Хуан Гуайдону легитимдүү лидер катары кабыл алууну улантышарын баса белгиледи.

Венесуэланын тышкы иштер министри Хорхе Арреаза шейшемби күнү берген маалыматта америкалык дипломаттардын 72 сааттын ичинде өлкөдөн чыгып кетүүлөрүн талап кылган.



Тектеш кабарлар