АКШ Орусияны Идлиб тууралуу айыптады

АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчы орун басары Роберт Палландино Идлибдеги акыркы абалга байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

АКШ Орусияны Идлиб тууралуу айыптады

АКШнын тышкы иштер министрлиги Сириянын Идлиб аймагында күч алган араздашуудан Орусия менен Башар Асад режимин жооптуу деп : «АКШ Орусия жана Асад режиминин абадан жана пулемет кол салууларынан улам Идлиб жана тегерегинде акыркы күндөрдө зомбулуктун күч алышынан тынчсызданууда»,- деген билдирүү жасады.

АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчы орун басары Роберт Палландино Идлибдеги акыркы абалга байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Палландино билдирүүсүндө буларды айтты : «АКШ Орусия менен Асад режиминин абадан жана артиллериялык кол салууларынан, Идлиб жана тегерегинде акыркы күндөрдө зомбулуктун күч алышынан терең тынчсызданууда. Орусиянын террористтерди бутага алгандыгына байланыштуу сөздөрүнө карабастан бул операциялар көп сандаган кишинин каза болушуна себеп болду жана аянтта адамдардын өмүрүн куткарууга аракет кылган биринчи жардам кызматкерлерин бутага алды. Жарандык базисти жана туулган жерлеринен  кеткен кишилерди бутага алууну дароо токтотуу керек».

АКШнын процессти жакындан иликтегендигин белгилеген Палландино : «2018 -  жылдын сентябрь айында Түркия менен түзүлгөн Идлиб ок атышпоосунун бир тарабы катары Орусия, Түндүк Хама жана Түштүк Идлибдеги бул кол салуулардын бардык жоопкерчилигин алууда»,- деди.

Орусия менен Асад режимине аймакта зомбулуктун азайышы жолунда мурунку убадаларын орундатууга чакырган АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчы орун басары Сириянын тийиштүү аймактарына гуманитардык жардамдардын жеткирилиши керектигин баса белгиледи.

Президент Р. Т. Эрдогандын Ирандын борбор шаары Тегеранда 2018 -  жылы 7 -  сентябрда өткөрүлгөн үчтүк саммиттеги сунушу боюнча Эрдоган жана орусиялык кесиптеши Путин, 17 -  сентябрда Сочиде Идлибде ок атышпоону сактап калуу үчүн бир топ кошумча чара көрүү боюнча келишкен.

Макулдашуу боюнча фронт жолдорунда куралсыздануу аймагы курулуп, 2018 -  жылдын 10 -  октярбында  оппозициячылдар бул аймактан оор куралдарын чыгарган.

Сочи макулдашуусунан кийин Идлибде бир канча убакытка режим жана Орусиянын абадан кол салуулары токтогон болчу.

Үйлөрүн таштап кеткен 80 миңге жакын жаран аймакка кайтып келген болчу.



Тектеш кабарлар