В. Путинге жасалма мазар ташын жасаган активистке абак жазасы
Орусиядагы бир сот президент В. Путинге жасалма мазар ташын жасаган орус активист Карим Ямадаевди 28 күн абак жазасына тартты.
Орусиядагы бир сот президент В. Путинге жасалма мазар ташын жасаган орус активист Карим Ямадаевди 28 күн абак жазасына тартты.
Орусияда интернет мыйзамдары тууралуу өзгөртүүлөргө каршы чыккан орус активист Карим Ямадаев Набережные Челны шаарында президент В. Путиндин жасалма мазар ташын жасады.
Активист үстүндө «Владимир Путин 1952 – 2019» деп жазылган мазар ташын шаардагы бир сейил бакка тургузду. Максатынын өкмөттүн жаңы интернет мыйзамына каршы чыгуу экендигин айткан активист : «Путин эркиндиктерибизди көмдү»,- деди.
Орус жетекчилери тууралуу жалган кабар жайылтуу жана сыйлабагандыгы үчүн соттолгон Карим Ямадаевге 28 күн абак жазасы берилди.
Тектеш кабарлар
Калифорнияда өрт чыгып 20 миңден ашуун кишини эвакуациялоо буйругу берилди
Калифорниянын Тынч океандын жээгиндеги Малибу шаарында катуу шамалдан улам өрт чыкты.