Йеменде холерадан 12 киши каза болду

Көптөгөн убакыттан бери ыраатсыздык болуп жаткан Йеменде хусилер 2014 -  жыл сентябрдан бери борбор шаар Сана жана кээ бир аймактардын текшерүүсүн колго алган.

1162828
Йеменде холерадан 12 киши каза болду

Йемендин батышындагы Земар шаарында жылдын башынан бери холерадан 12 киши каза болду.

Эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган хусилерге караштуу өкмөттөгү саламаттык сактоо министрлигинин офис директору Халид ел Хажжи өткөргөн пресс  - жыйынында Земар шаарында холерадан 1 – 10 -  март күндөрү 9 кишинин каза болгондугун белгиледи.

Көптөгөн убакыттан бери ыраатсыздык болуп жаткан Йеменде хусилер 2014 -  жыл сентябрдан бери борбор шаар Сана жана кээ бир аймактардын текшерүүсүн колго алган.

Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү болсо 2015 -  жыл март айынан бери хусилерге каршы Йемен өкмөтүнө колдоо берүүдө.

Йеменде 4 жылдан ашуун убакыттан бери болуп жаткан кагылышууларда миңдеген киши каза болду. Дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүнүн арасында орун алган Йеменде жарандык согуштан улам күч алган адамзаттык кризис да коркунучтуу өлчөмгө жетти.

БУУнун билдиргенине караганда дүйнөнүн чоң адамзаттык кризистеринин бири болгон Йеменде калктын жарымын түзгөн 10 миллион киши ачкачылык менен бетме  - бет.

Өлкөдө 22 миллиондон ашуун киши жардамга жана коргоого муктаж.

Көптөгөн тармакта адамзаттык кризис болгон өлкөдө таза суунун жоктугу, жетерсиз тамактануу, дары жана медициналык материалдардагы кемчилик сыяктуу себептер менен холера жана башка эпидемиялык оорулар күн өткөн сайын көбөйүп баратат.



Тектеш кабарлар