Канада ПКК террордук уюмга жардам жөнөткөн мекеменин кайрымдуулук статусун жойду

Борбору Канаданын Торонто шаарында орун алган жана 2011-жылдан бери «кайрымдуулук» статусу менен элден акча чогулткан фонддун банк эсептери Канаданын салык башкармалыгынын текшерүүчүлөрү тарабынан текшерилди.

1157207
Канада ПКК террордук уюмга жардам жөнөткөн мекеменин кайрымдуулук статусун жойду

Канада, элден кайрымдуулук үчүн чогулткан акчаларды жикчил террордук уюм ПККга жөнөткөндүгүн тастыктаган Анадолу Маданият фондунун кайрымдуулук мекемеси статусун жойду.

Борбору Канаданын Торонто шаарында орун алган жана 2011-жылдан бери «кайрымдуулук» статусу менен элден акча чогулткан фонддун банк эсептери Канаданын салык башкармалыгынын текшерүүчүлөрү тарабынан текшерилди.

Канаданын салык башкармалыгынын текшерүүчүлөрү иликтөөдөн кийин даярдаган отчетунда «фонддун Сириядагы жарандарга, үйсүз, ач жана муктаж айымдарга жана балдарга жардам» катары чогулткан акчалардан 160 миң Канада долларын террордук уюм ПККга жөнөткөнү аныкталды.

Отчетто, «ПККнын Канада дагы кабыл алган жана тийиштүү тизмеге кирген террордук уюм болгону, ошондуктан уюмдун булактарынын ПККнын саясий аракеттерин колдоо үчүн колдонулбай турганы» белгиленди.

Анадолунун Маданият фондунун ПККнын же ПККга тиешелүү топтордун акчык колдоочусу болгону аныкталган Канаданын салык башкармалыгынын текшерүүчүлөрүнүн отчетунда, фонддун «кайрымдуулук мекемеси» деген статусу жоюлду жана каттоого алынды. Буга караганда бул фонд мындан ары кайрымдуулукка акча чогултуу укугуна ээ эмес.

Фонддун 2011-2014-жылдар аралыгындагы каттоолору иликтенген 110 барактык текшерүү отчетунун анализ бөлүмүндө болсо Анадолу маданият фонду үчүн, «ПКК менен байланыштуу топтордун иш-аракеттерин финансылоо үчүн катталган жардам мекемеси» деген сереп салынды.

Канадада Торонто баш болгон белгилүү шаарларда ПКК жана анын уландысы болгон ЙПГны колдогон бир топ коом, фонд жана коомдук борборлор бар.

Канаданын салык башкармалыгынын текшерүүчүлөрүнүн 110 барактык отчетунун түп нускасын https://www.scribd.com/document/401065466/Anatolia-Cultural-Foundation шилтемесинен көрө аласыздар.



Тектеш кабарлар