Орусия АКШны Венесуэла темасында сынга алды

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Лавров жана АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнү белгиленди.

1155844
Орусия АКШны Венесуэла темасында сынга алды

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, АКШнын бир мамлекеттин ички иштерине карай кийлигишүүлөрүнүн эл аралык укукка терс түшкөнүн белгилеп, бул өлкөнүн Венесуэладагы мыйзамдуу башкарууга карай коркутууларын айыптады.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Лавров жана АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнү жана бул сүйлөшүүдө Венесуэлада болуп жаткан маселенин каралганы белгиленди.

АКШнын «гуманитардык жардамга жамынып алып Венесуэланы баш аламан кылуу аракети» болгону белгиленген жарыяда, Лавровдун Венесуэла маселесинин чечилишинде БУУнун принциптерине шайкеш келиши керектигине басым жасаганы белгиленди.

Анда, эки тараптын тең Сирия, Ооганстан жана Түндүк Корея маселелеринде сүйлөшүүлөрдүн улантылышы темасында макулдашкандары белгиленди.



Тектеш кабарлар