ИКУ, Индия жана Пакистанды тынчтанууга чакырды

Бириккен Араб Эмирликтеринде өткөн  Ислам Кызматташтык Уюмунун 46-Тышкы иштер министрлери кеңешинин жыйналышынан кийин ИКУнун жабылыш билдирүүсү жарыяланды.

1155883
ИКУ, Индия жана Пакистанды тынчтанууга чакырды

Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ), Индия жана Пакистанды тынчтанууга чакырды.

Бириккен Араб Эмирликтеринде өткөн  Ислам Кызматташтык Уюмунун 46-Тышкы иштер министрлери кеңешинин жыйналышынан кийин ИКУнун баш катчысы Юсуф бин Ахмед аль-Усейминдин колу коюлуп жарыяланган жабылыш билдирүүсүндө, «ИКУ, Жамму кашмир калкы дуушар болгон кандуу окуяларды жана бузууларды терең кооптонуу менен байкоодо»,делди.

Тараптарды тынчтыкка чакырган билдирүүдө, маселелердин мыйзамдуу эл аралык токтомдорго ылайыктуу түрдө тынчтыкчыл жолдор менен чечилиши керектигине басым жасалды.

Анда, ИКУнун мүчөлөрүнүн Палестина калкына өз тагдырын белгилөөсү, 1967-жылдын 4-июнундагы чек араларына ылайык көз карандысыз Палестина мамлекетин куруусу сыяктуу мыйзамдуу укуктарына жетиши темасындагы колдоосун кайталаганы белгиленди.



Тектеш кабарлар