АКШ Хамза бин Ладин үчүн 1 миллион доллар сыйлык койду

АКШнын тышкы иштер министрлиги Хамза бин Ладин үчүн коюлган сыйлыкка байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

1155114
АКШ Хамза бин Ладин үчүн 1 миллион доллар сыйлык койду

АКШ террордук уюм Аль Кайданын мурунку лидери Усама бин Ладиндин уулу Хамза бин Ладиндин башына 1 миллион доллар сыйлык койду.

АКШнын тышкы иштер министрлиги Хамза бин Ладин үчүн коюлган сыйлыкка байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Маалыматта Хамза бин Ладин Аль Кайда уюмунун ичинде жогорулап бара жаткан лидер катары аныкталып, 2015 -  жылдан бери уюмдун мүчөлөрүн АКШ базаларына кол салуусун колдогон видеолорду тарткандыгы жана 2011 -  жылы өлтүрүлгөн атасы Усаме бин Ладиндин өчүн алууга аракет кылынгандыгы маалымдалды.

Хамза бин Ладиндин 2017-  жылы Атайын белгиленген глобалдык террорист статусуна алынгандыгы, ушул себептен АКШда болгон бардык мал  - мүлкүнүн тоңдурулгандыгы белгиленген маалыматта : «АКШнын тышкы иштер министрлигинин адилеттик үчүн сыйлык программасы Ал Кайданын негизги лидери Хамза бин Ладинге алып бара турган бир күбөлүк же жер билдирүү үчүн 1 миллион доллар сунуш кылууда»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар