Аббас Путиндин сунушун кабыл алды

Орусия тынчтык сүйлөшүүлөрүнө арачы болууга жана кожоюндук кылууга даяр.

1154069
Аббас Путиндин сунушун кабыл алды

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас, Орусиянын президенти Владимир Путиндин кандайдыр бир израилдик лидер менен Москвада үч тараптуу жыйын өткөрүү чакырыгына оң жооп берди.

Палестинанын расмий WAFA маалымат агенттигине караганда, Палестинанын мамлекет башчылыгынын катчысы Набиль Эбу Рудейна жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Аббастын Путиндин чакырыгы боюнча Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху менен Москвада жыйын өткөрүүнү кабыл алганын бирок Нетаньяхунун буга жооп бербегенин белгиледи.

Эбу Рудейна билдирүүсүндө: «Мамлекет башчы Аббас, президент Путиндин ушундай жыйын өткөрүү талабына, учурдагы премьер-министр менен же болбосо шайлоолордон кийин келе турган кандайдыр бир Израиль премьер-министри менен адилеттүү, туруктуу тынчтыкты камсыздоо үчүн ар дайым оң жооп кайтарууга даяр»,- деп айтты.

Израилдин премьер-министри Нетаньяху кечээ Орусияга жасаган расмий сапарынын алдында: «Тынчтыкты каалаган жана тынчтыкка жакындаган палестиналык лидерлер менен бир гана сүйлөшүүм тынчтыкты камсыздоо үчүн жетиштүү»,- деген болчу.

Орусия 2018-жылдын ноябрында Израиль менен Палестинанын ортосундагы ыктымалдуу тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн арачы болууга жана кожоюндук кылууга даяр экенин билдирген болчу.

Израиль менен Палестинанын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү, Израиль «1967-жылдагы чек аралары, аргасыз көчүүгө дуушар болгон палестиналыктардын кайра кайтуу укуктары жана еврей отурукташуу жерлеринин курулушун соңуна чыгарууну кабыл албагандыгынын» себебинен 2014-жылдын апрель айында токтоп калган эле.



Тектеш кабарлар