Индонезияда жер көчкү болду

Жер күчкүдө бир киши каза тапты.

1153438
Индонезияда жер көчкү болду

Индонезияда шахта аянтында болгон жер көчкүдө 1 киши каза болду.

Жергиликтүү басма сөздө чыккан кабарларга караганда Түндүк Сулавеси аймагында Болаанг Монгондоу аймагына караштуу Бакан айылында мыйзамсыз түрдө иштетилген шахта аянтында жер көчкү болду.

Улуттук апаатты башкаруу агенттигинин катчысы Сутопо Пурво Нугрохо жер көчкүдө ушул кезге чейин бир кишинин каза болгондугун 13 кишинин жаралангандыгын белгиледи.

Ондогон кишинин азыр да топурак астында экендигин болжолдошкондорун айткан Нугрохо изилдөө – куткаруу иштеринин аймактагы жергиликтүү топтор менен кенен масштабдагы куткаруу иштерин улантып жаткандыгын белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар