АКШда сенаторлор Жамал Хашогги кылмышынын ачыкка чыгышын каалайт

Мыйзам долбоорунда Дэн Коутстун Хашогги кылмышы тууралуу «кылмышты кылгандардын, бул кылмышка аралашкандардын, кылмышты аткаруу буйругун бергендердин белгиленишин» да камтыган отчет сунуштоосу талап кылынды.

1153278
АКШда сенаторлор Жамал Хашогги кылмышынын ачыкка чыгышын каалайт

АКШда бир топ демократ сенатор, Конгресске АКШнын Улуттук чалгындоо кызматынын директору Дэн Коутстун саудиялык журналист Жемал Кашыкчы (Жамал Хашогги) кылмышы тууралуу отчет даярдалышын көздөгөн мыйзам долбоорун сунуштады.

Мыйзам долбоорунда Дэн Коутстун Хашогги кылмышы тууралуу «кылмышты кылгандардын, бул кылмышка аралашкандардын, кылмышты аткаруу буйругун бергендердин белгиленишин» да камтыган отчет сунуштоосу талап кылынды.

Мыйзам долбоорунун мыйзамдашкан учурунда Дэн Коутс 30 күндүн ичинде аты аталган отчетту даярдап Конгресске сунуштоого аргасыз болот.

Орегон сенатору Рон Виден, бул тема тууралуу маалымдоосунда, «Бул долбоор, Жамал Хашогги туурасындагы чындыктарды жашыруунун президент Дональд Трамп бийлигинин пайдасына чечилбей турганы түшүнүгүн берет. Сауд Арабия өкмөтү Вашингтон Пост гезитинин жазуучусун мыкаачылык менен өлтүрдү жана бул бийлик (Трамп) Америка калкына бул кылмыштын буйругун ким бергенин айтууну четке кагууда»,-деди.

Саудиялык жуналист Хашогги, баш кошуу процедуралары үчүн 2018-жылдын 2-октябрында кирген Сауд Арабиянын Стамбулдагы Башкы консулдугунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Кылмыштан бери өткөн мөөнөттө Хашоггинин качан, кайда жана кантип өлтүрүлгөнү тууралуу маалыматтар ачыкка чыкты, бирок сөөгүнүн орду дагы деле аныктала элек.

Американын Вашингтон Пост гезити АКШнын борбордук чалгындоо кызматынын, Хашогги кымышынын буйругун Сауд Арабиянын мураскор канзаадасы Бин Салмандын бергени боюнча натыйжага жектендерин жазган.

БУУнун сотсуз жана туш келди өлүм жазасын аткаруулар боюнча атайын баяндамачысы Агнес Калламар, Хашогги кылмышына карай эл аралык териштирүүнүн алкагында 28-январь-3-февраль күндөрүнүн аралыгында Түркияга ишке ашырган сапар тууралуу маалымдоосунда, «Түркиядагы иликтөөм убагында чогултулган далилдер, Хашоггинин Сауд Арабиянын мамлекеттик жооптуулары тарабынан аесуз түрдө жана мурдатан пландалган кылмыштын курманы болгонун көрсөтүүдө»,-деп айткан.



Тектеш кабарлар