Израиль аскерлери Газада 3 палестиналыкты жаралады

Израиль аскерлеринин 30 -  марттан бери болуп келе жаткан бул митингдерге кийлигишүүсүндө 230дан ашуун палестиналык шейит болду.

1152804
Израиль аскерлери Газада 3 палестиналыкты жаралады

Израиль аскерлери  блокада астындагы Газа тилкеси чек арасында өткөрүлгөн тынчтыкчыл «Улуу жүрүш» митингдерине кийлигишүүсүндө 3 палестиналык жараланды.

Газадагы саламаттык сактоо министрлигинен берилген маалыматта Рефах шаарынын чыгышында өткөрүлгөн митингдерде Израиль аскерлери аткан ок менен 3 палестиналыктын жаралангандыгы белгиленди.

Палестиналыктар 2018 -  жылы 30 -  марттан бери блокада астындагы Газа тилкесинин Израиль чек арасында «Улуу жүрүш» деген аттын астында тынчтыкчыл митингдерди өткөрүшүүдө.

Израиль аскерлери болсо чыгарылган жерлерине кайра кайтууну жана 2006 -  жылдан бери Газага жасалган мыйзамсыз блокаданын жоюлушун талап кылган жарандарга чыныгы ок атып жатат.

Израиль аскерлеринин 30 -  марттан бери болуп келе жаткан бул митингдерге кийлигишүүсүндө 230дан ашуун палестиналык шейит болду.



Тектеш кабарлар