Нидерландияда Хожалы кыргынында каза болгондор эскерилди

Азербайжанда 1992 -  жылы 26 – февралда 613 киши армяндар тарабынан  өлктүрүлгөн Хожалы кыргынында каза болгондор Нидерландияда эскерилди.

1152113
Нидерландияда  Хожалы кыргынында каза болгондор эскерилди

 Азербайжанда 1992 -  жылы 26 – февралда 613 киши армяндар тарабынан  өлктүрүлгөн Хожалы кыргынында каза болгондор Нидерландияда эскерилди.

Нидерландия Азербайжан түрк маданий коому тарабынан Гаага шаарындагы Хожалы кыргын эстелигинин алдында өткөрүлөн эскерүү программасына Түркиянын Гаагадагы элчилиги элчи  - кеңешчи Алпер Йүксел, Азербайжандын диаспора иштеринин мамлекеттик комитетинин төрагасы Фуад Мурадов, Азербайжандын Гаага элчилигинин ишенимдүү кишиси Желал Мирзаев жана Христиан Биримдик партиясынын депутаты Крис ван Дам да болгон калың топ катышты.

Жыйында Хожалыда каза болгондор эскерилип, кыргынды аткаргандар наалаттанды.

Азербайжандын диаспора иштери боюнча  мамлекеттик комитетинин төрагасы Фуад Мурадов Хожалы кыргынынын жана буга окшогон бир кыргындын дүйнөнүн эч бир жеринде болбошу керектигин белгилеп, кыргынды унутпоонун жана эскерүүнүн да маанилүү экендигин айтты.

Нидерландиянын Азербайжан түрк маданият коомунун төрагасы Илхам Ашкын да жыл сайын Хожалы кыргынында курман болгондорду эскерип, кыргындын Европа Парламенти тарабынан да таанылышы үчүн дуа кылышкандарын белгиледи.

Ашкын Хожалыдагы кыргынга себеп болгондор жазасын тартканга чейин күрөшүүнү улантышарын айтты.

Карабах согушунда 1992 – жылы 26 -  февралда Азербайжандын Тоолуу Карабах аймагындагы Хожалы кыштагында азербайжандык жарандар, Арменияга караштуу күчтөр тарабынан топ түрүндө кыргындалган.

Армяндардын кол салууларында 613 Азербайжан жараны каза болгон. Алардын ичинен 106сы аял, 70ши кары  - картаңдар жана 63чү балдар болгон.



Тектеш кабарлар